Редакцияот 26,07,2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы

 

2011-жылдын 26-июлу № 2

Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоого карата Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аймактык участкалык шайлоо комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

1. Чоң-Алай айылдык округдук Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы 2011-жылдын 30-октябрындагы боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аймактык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жергиликтүү жаматтардын жана шайлоочулардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамын угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын 30-октябрындагы боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерден мүчөлүккө бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнд аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тиешелүү докменттери Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясына жиберилсин жана бекитип берүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттардын иштери жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Алипбеков