Редакцияот 18.01.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык округунун айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезексиз XVIII (он сегизинчи) сессиясы

 

2011-жылдын 18-январы № 18-2

Көк-Жар айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2011-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бө лүктө рү боюнча долбоорун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  2011-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча долбоору жактырылсын жана бекитилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  2011-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Карабаевге милдеттендирилсин.

3. Ушул чечимдин аткарылышын кө зө мө лдө ө айылдык округдун башчысы Б.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

А.Исраилов