Редакцияот 10.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын XX заседаниеси

 

2011-жылдын 10 –марты № 20/3

Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча жана алгачкы баасын чектөө боюнча

 

Корул айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышынын XX заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айылдык округунун кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү мөөнөтү элдин суроо талабына ылайык аукционго коюлуп, бир жылга белгиленип, кезек-кезеги менен ар жылы ар бир атуулга берилсин жана кайрак айдоо үчүн алгачкы баасы 850 сом, чөп чабынды жердин баасы 800 сомго белгиленсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Жакыповго милдеттендирилсин.

 

Корул айылдык округунун

кеңешинин төрагасы

 

Т.Маназаров