Редакцияот 30.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

депутаттардын кара-суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) кезексиз XXI сессиясынын заседаниесинин

 

2012-жылдын 30-марты №21/3

2012-жылга жер салыгы жана мүлк салыктары жөнүндө

Кыргыз Респуликасынын 17-октябрь 2010-жылдагы №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району башкармалыгынын 2012-жылдын 10-январындагы чыг.№10/27 катын карап чыгып, талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып

Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Респуликасынын 17-октябрь 2010-жылдагы №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Кара-Суу шаарынын аймагында 2012-жылга жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2 жана 3 топтогу салыктары киргизилсин жана өндүрүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Кара-Суу

шаардык кеңешинин төрагасы

 

Т.Ю.Алиев