Редакцияот 09.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык округунун кеңешинин IV чакырылышын кезектеги ХХV  заседаниеси

 

2012-жылдын 9-апрели №25/1

2011 – жылдын башында бекитилген Ленин айыл округунун социалдык - экономикалык өнүгүү пландарынын 2011 - аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2012-жылга бекитүү жана 2013-2014-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө

2011 –жылдын башында бекитилген айыл округунун социалдык - экономикалык өнүгүү пландарынын 2011-аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2012-жылга бекитүү жана 2013-2014-жылга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча  Ленин айылдык округунун башчысы А.Салиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Ленин айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    2011 – жылдын башында бекитилген айыл округунун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2011-аткарылышы жана социалдык - экономикалык өнүгүү планынын 2012-жылга бекитүү жана 2013-2014-жылга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча А.Салиевдин билдирүүсү эске алынсын.

2.    Социалдык-экономикалык өнүгүү планы 2012-жылга  жана Ленин айылдык округунун  2013-2014-жылга болжолддуу пландары бекитилсин.

3.    2011–жылдын башында бекитилген айыл округунун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2011-аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2012-жылга бекитүү жана 2013-2014-жылга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл округунун аппарат         кызматкерлерине милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  айыл округунуни башчысы  А.Салиевке милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Матанов