Редакцияот 18.01.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык округунун айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезексиз XVIII (он сегизинчи) сессиясы

 

2011 -жылдын 18-январы №18-1

Көк-Жар айылдык округунун "Тешик-Таш ИСКАКБнын жетекчиси, бухгалтеринин жана текшерүү комиссиясынын 2010-жылда аткарган иштери тууралуу

Көк-Жар айылдык округунун аймагындагы "Тешик-Таш" ИСКАКБнын жетекчиси А. Макышевдин, бухгалтери К. Абидинованын жана текшерүү комиссиясынын төрагасы К. Пазыловдун 2010-жылда аткарган иштери тууралуу отчетторун угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айылдык округунун аймагындагы "Тешик-Таш" ИСКАКБнын жетекчиси А. Макышевдин, бухгалтери К. Абидинованын жана текшерүү комиссиясынын терагасы К. Пазыловдун 2010-жылда аткарган иштери тууралуу отчетторун канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. 2010-жылда кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү жагы "Тешик-Таш" ИСКАКБнын жетекчиси А. Макышевге, бухгалтери К. Абидиновага милдеттендирилсин.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырылсын.

 

Кок-Жар айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

А. Исраилов