Редакцияот 18.01.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык округунун айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезексиз XVIII (он сегизинчи) сессиясы

 

2011-жылдын 18-январы №18-2

Көк-Жар айылдык округунун жайыт комитетинин 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык округунун жайыт комитетинин 2011-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча долбоорун угуп жана талкуулап, Кек-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кек-Жар айылдык округунун жайыт комитетинин 2011-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша болүктөрү боюнча долбоору жактырылсын жана бекитилсин.

2. Жайыт комитетинин 2011-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин төрагасы А. Карабаевге милдеттендирилсин.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдун башчысы Б. Сатыбалдыевге тапшырылсын.

 

Кок-Жар айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

А. Исраилов