Редакцияот 20.01.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезектеги XVI сессиясынын заседаниеси

 

2011-жылдын 20-январы № XVI-12

Ноокат шаар башкаруусунун "Ноокат суу каналдар" муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө

Ноокат шаар башкаруусунун "Ноокат суу каналдар" мамлекеттик ишканасын Ноокат шаар башкаруусунун "Ноокат суу каналдар" муниципалдык ишканасы кылып кайра каттоо максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаар башкаруусунун "Ноокат суу каналдар" муниципалдык ишканасынын даярдалган жаңы Уставы бекитилсин.

2. "Ноокат суу каналдар" муниципалдык ишканасына жаңы Уставтын негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.

3. Бекитилген Уставты Кыргыз Республикасынын Ош облустук Юстиция башкармасынан каттоосу суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаар башкаруусунун башчысынын орун басары М. Турабаевге тапшырылсын.

 

Депутаттардын Ноокат шаардык

кеңешинин төрагасынын орун басары

 

Б. Калдарова