Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 28-октябры № 117
Кредиттик союздар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I-Глава Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды түзүүнүн жана алардын ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.
1-статья. Кредиттик союз түшүнүгү
Кредиттик союз - бул кредиттик союздун катышуучуларынын жеке аманаттарын кошуу жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызматтарды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык көрсөтүү жолу менен өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максаттарында кооператив формасында түзүлүүчү финансы-кредиттик уюм.
Кредиттик союздардын иши ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Башка мыйзамдарда камтылган жана кредиттик союздардын ишине байланышкан маселелерге тиешелүү нормалар ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Кредиттик союздардын ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарда камтылган нормалар ушул Мыйзамдын нормалары менен карама-каршы келген учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат.
Кредиттик союздардын иш-аракети ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу кредиттик союздардын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамдагы түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:
Сактык пайлары боюнча дивиденд - сактык пай боюнча кредиттик союздардын катышуучулары тарабынан алынган кирешенин шарттуу аталышы;
Капитал - кредиттик союздун төлөнгөн бардык сактык пайларынын жана кредиттик союздун резервдеринин жалпы суммасы жана бөлүштүрүлбөгөн пайда;
сактык пай (пай төлөмү) - кредиттик союздун катышуучусу тарабынан капиталга салынган жана кредиттик союздун тескөөсүндө турган акча каражаттарынын суммасы.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Кредиттик союздардын ишинин негизги максаттары