Редакцияот 30.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы болуп өткөн VI чакырылышынын 3-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын тургуну А. Курмановдун оозеки сунушун угуп, карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөрүш айыл аймагынын күн чыгыш тарабындагы Талас-Тараз трассанын жээгиндеги каналды тазалоо үчүн 150 литр солярка бөлүнүп берилсин.

2. Беш- Булак жамаатындагы мүрзөгө чыгуучу жолду оңдоого жана лоток коюуга 20,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Очок-Бишкек участогундагы Таласбек, Эсен көчөсүндөгү мүрзөгө чыгуучу жолдорго кум- шагыл төгүп, оңдоого 20,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Бечелов