Редакцияот 30.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30-марты № 5

Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы болуп өткөн VI чакырылышынын 3-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбекованын оозеки сунушун угуп, карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөрүш айыл аймагындагы айыл чарба техникаларынын элге кызмат көрсөтүүдө алынган эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин :

Жер айдоого -1000 сом, 25 литр солярка

тегиздегени-400 сом, 10 литр солярка

Жерди сепкени-400 сом, 10 литр солярка

Культивация- 400 сом, 10 литр солярка

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Бечелов