Редакцияот 01.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 29 - сессиясы

 

2016-жылдын 1-июлу № 14

Кара-Булак айылынын тургуну маркум Абдувалиева Галбубунун ысымын Кара-Булак айылындагы жаңыдан курулган балдар бакчасына ыйгаруу жөнүндө

Кара-Булак айылынын элинин чогулушунун протоколунун негизинде Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 29-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсунө кошкон зор салымы, Кара-Булак элине кылган кызматы үчүн кыргыздын чыгаан кызы Жогорку кеңештин эки жолку депутаты маркум Абдувалиева Галбубунун ысымы Кара-Булак айылында жаныдан курулуп бүткөн балдар бакчасына ыйгарылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Д. Маликовго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Абдрахманова