Редакцияот 17.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

 

2016-жылдын 17-августу № 2

«Кароосуз трансформаторлор жөнүндө»

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбектин 2016-жылдын 6-айында аткарган иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл башчылар айылдардагы кароосуз трансформаторлордун санын тактап чыгышсын жана такталган маалыматты айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырышсын.

2. Такталган кароосуз трансформаторлорду Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Туйбаевге жүктөлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын кеңештин төрөгасынын орун басары А.Мурзаевге тапшырылсын.

 

Төрага

А. Беделов