Редакцияот 25.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2017-жылдын 25-апрели №175

Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуу аразын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16- январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген “Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жетекчилиқе алып, Бекмолдо айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ”Боз-Дөбө” участкасынын № 1091 чөйрөсызыгындагы 0,40 га жер участогун “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын мелиорациялык даярдоо стадиясында турган жерлер графасына алуу (көп жылдык бак-дарак) боюнча чечим түрүндө макулдук берилсин.

2. ”Жер участокторун которуу (трансфармациялоо) жөнүндө “Мыйзамдын 9 беренесинин 9 пунктуна ылайык жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди жерди пайдалануучунун жеке каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

 

Төрага

К. Орозалиев