Редакцияот 07.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2017-жылдын 7-июлу № 8

Северная көчөсүндөгү жол астында жаткан коммуналдык коммуникацияларды алмаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджетинен каржыланып жаткан Кадамжай шаарынын Северная, Орозбеков, Лесхозная көчөлөрүн асфальттоо жумуштары башталып жаткандыгына байланыштуу шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Северная көчөсүндөгү жол астындан өткөн коммуналдык коммуникацияларды алмаштырууга сметанын негизинде тендер өткөрүү жолу менен уруксат берилсин.

2. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча шаардын мэри Б.Бегалиевдин маалыматы угулсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюжет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Кудайбергенов