Редакцияот 07.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2017-жылдын 7-июлу № 11

Кадамжай шаарынын Северная көчөсүндөгү жол астынан өткөн коммуналдык коммуникацияларды алмаштыруу учурун көзөмөлгө алуу үчүн убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин негизинде Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаарынын Северная көчөсүндөгү жол астынан өткөн коммуналдык коммуникацияларды алмаштыруу учурун көзөмөлгө алуу үчүн   убактылуу комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1. Курбанова Урпия Абдырахмановна - шаардык кеңештин депутаты;

2. Нурматов Чыңгыз Айтматович   - шаардык кеңештин депутаты;

3. Абдырахманов Шамшидин Мирпазилович - шаардык кеңештин депутаты;

4. Искендеров Бакыт – ММДнин башчысы;

5. Салаев Рахман - КӨПКТЖЧнын башкы инженери.

2. Жогорудагы убактылуу комиссияга трубаларды алмаштыруу иштери аяктаганга чейин көзөмөл жүргүзүү жагы  тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кудайбергенов