Редакцияот 13.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-марты № 4/6

Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде пайдаланылбай калган каражатты кайра бөлүштүрүү жөнүндө

Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Г.Исраилованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20,31 статьяларына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебинде 2016-жылы пайдаланылбай калган 128000-00 сом 2017-жылы “Ар кандай чыгымдар” статьясына каралып “ЖПБнин долбооруна” 104000-00 сом, “Бүчүр” бала бакчасына 24000-00 жумшалсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу башкы эсепчинин милдетин убактылуу аткаруучу Г.Исраиловага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ч. Жеңишбеков