Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2017-жылдын 11-январы № 3
Семеновка айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди бекитүү жөнүндө
Семеновка айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерин жана 2017-жылдын стратегиялык жана инвестициялык пландарын бекитүү максатында Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл аймагындагы 2017-жылдын стратегиялык жана инвестициялык пландарын жана түзүлгөн көйгөйлүү маселелерди конкурстук комиссиянын жүргүзүлгөн ранжирлөөсүнүн негизинде бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |