Редакцияот 11.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы

 

2017-жылдын 11-январы № 4

Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жана бекитүү жөнүндө

Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 1-уюштуруу сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясы деген аталышта түзүлсүн жана төмөнкү курамы менен бекитилсин:

 Джамгырчиев Ринат Каныбекович- төрагасы

 Герман Лариса Викторовна- мүчөсү

 Сыдыков Арген Табылдыевич- мүчөсү

 Элебесова Гулайым Элебесовна-катчысы

2. “Жер агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, жайыт маселелери боюнча №2 туруктуу комиссиясы деген аталышта түзүлсүн жана төмөнкү курамы менен бекитилсин:

 1. Момбеков Бактыбек Карыпович-төрагасы

 2. Жусупбеков Кубат Турганбаевич-мүчөсү

 3. Шадыканов Шайлообек Жеңишбекович-мүчөсү

 4. Казиев Олжобек Бакасович –катчысы

3. “Саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана жаштар, дин, миграция, туризмди өнүктүрүү, байланыш жана транспорт, депутаттык иш жана этика” маселелери боюнча № 3 туруктуу комиссиясы деген аталышта түзүлсүн жана төмөнкү курамы менен бекитилсин:

Тентимишев Султан Таалайбекович- төрагасы

Ботпаев Байыш Токтошевич-мүчөсү

Бугубаев Тугөлбек Асылташович-мүчөсү

Аширалиева Асылкул Сардарбековна –катчысы

4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

А. Молдогазиев