Редакцияот 02.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 6 -сессиясынын кезектеги отуруму

 

2017-жылдын 02-июну № 13

Жаш-Тилек айылындагы кар көчкүдөн жабырлануучуларга жардам катары түшкөн акча каражаттарын айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча киргизүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы 2017-жылдын 19-февралындагы кар көчкүдөн жабыркаган жарандарга жардам катары түшкөн акча каражаттарын айыл айыл өкмөттүн 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча киргизүү боюнча депутаттар карап чыгып талкуулап Чоё-Алай айылдык кеёешинин 6 чакырылышынын депутаттарынын 7-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жаш-Тилек айылындагы кар көчкүдөн жабыркаган жарандарга жардам катары түшкөн 1005473 сом акча каражаты Чоё-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча киргизилсин.

2. Жогорудагы акча каражатын Жаш-Тилек айылындагы кар көчкүдөн жабырлануучуларга бөлүштүрүү жагы райондук комиссиянын курамына сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук тартиби, мыйзамдуулук. депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Маматназаров