Редакцияот 17.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык Кеңешинин Vl чакырылышынын кезектеги V- сессиясы

 

2017-жылдын 17-апрели № 17/5

Жазы жайыт комитетине техника алуу үчүн элдин салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы күн тартибиндеги маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жазы жайыт комитетине АРИС аркылуу гранттык техниканы–каз тапан тракторду сатып алуу үчүн өздүк салым 25% эсебине жергиликтүү бюджеттен 625,0 миң сом бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Төрага

С.Акматов