Редакцияот 16.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 16-майы № 1

Кең-Арал айыл аймагына түнкү жарыктандырууну орнотуу жөнүндө

1. Кен-Арал айыл аймагынын борбордук Сыйдалы көчөсүнө түнкү жарыктандырууну орнотуу боюнча айылдын тургундарынын 2017-жылдын 15-майындагы жыйындын протоколу (тиркелет) эске алынсын.

2. Талас обулустук өнүктүрүү фондусуна Кен-Арал айыл аймагынын Сыйдалы көчөсүнө түнкү жарыктандырууну орнотуу боюнча 2 736 241,51 сомдук долбоорду колдоп берүү жагы сунушталсын.

3. Бул долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Кең-Арал айыл өкмөт башчысы Б.Темирбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

И.Жумабеков