Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 01-майы № 01
“Жаңы-Пахта айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын регламентин бекитүү”
Жаңы-Пахта айылдык Кеңешинин депутаттарынын арасынан аксакал депутаты З. Ф. Факировдун Жаңы-Пахта айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын регламентин бекитүү протоколун угуп жана талкуулап
Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын иштөө регламенти бекитилсин (регламент тиркелет)
Төрага | А. Шамов |
| Бекитем Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы ___________И. А. Шамов Жаңы-Пахта айыл аймагынын айылдык кеңешинин 05.01.2017-ж. №01 токтомуна тиркеме |
Бул регламент Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
1.1. Жаңы-Пахта айылдык Кеңеши (мындан ары-айылдык кенеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тен жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөтко шайланган 21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү- айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары,
ушул Устав менен белгиленген тартипте, айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптеринде негизделет.
1.5. Айылдык кенеш, өз иш- милдеттерин аткарууну, мыйзамда белгиленген мөнөөттө өткүрүлчү, өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып, аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы айылдык кенештин биринчи сессиясы өткөрулгөн күнү токтотот.
1.6. Мекеменин толук аталышы мамлекеттик тилде «Жаңы-Пахта айылдык кенеши» расмий тилде – учреждение «Джаны-Пахтинский айылный кенеш».
Жаңы-Пахта айылдык кенешинин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Жаңы-Пахта айылы, Западная көчөсү
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер.