Редакцияот 17.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-марты № 1

Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17- мартындагы болуп өткөн VII- чакырылышынын 4- сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын жер адиси

К. Кенекеевдин сунушун угуп, талкуулап, карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Өзгөрүш айыл аймагында жашап жаткан аз камсыз үй- бүлөлөргө КБФнын жерлеринен ижарага берүү мөөнөтү 2 жылга берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер комиссиясына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековга жүктөлсүн.

 

Төрөга

 

А. Атамбеков