Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги XXX-сессиясы
2015-жылдын 16-декабры № 9
КР Өкмөтүнүн 27.10.2015-жылдагы №747 токтому менен бекитилген “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын” бекитүү жана КААБга акча каражатын бөлүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 27.10.2015-жылдагы №747 токтому менен бекитилген “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын 2-жылга бекитип КААБтын мүчөлөлөрүн 7-11 адамдан турган комиссия түзүп берүү” туурасындагы Чаек айыл өкмөтүнүн 07.12.2015-жылдагы №1612 кайрылуусун канаттандыруу максатында Чаек айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы КААБты толук кандуу ишке ашыруу үчүн КР +кмөтүнүн 27.10.2015-жылдагы №747 токтому менен бекитилген “коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын” бекитүү жөнүндөгү токтомдун талабын сактоо менен КАБтын типтүү уставы 2-жылга бекитилсин, мүчөлөрү 9 адамдан түзүлсүн, иш кагаздарын уюштурууга жана штамп мөөр алууга, Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен жалпысы 15 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (комиссиянын курамы тиркелет 1-барак).
2. Жогорудагы мыйзамдын талабын иш жүзүнө ашыруу жана акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБнүн башчысы башкы эсепчи Мурзакматов Майрамбек Тобокеловичке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Чаек айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Бөдөшбеков |