Редакцияот 08.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы

 

2017-жылдын 8-июну № 6/2

Жайыттарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана жолдорун тейлөө үчүн спец техника экскаватор-погрузчик алуу долбооруна бош калган каражаттын эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө

АРИСтин « Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү программасынын алкагында «Талаа- Булак айыл аймагынын жайыттарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана жолдорун тейлөө үчүн спец техника экскаватор-погрузчик алуу долбооруна» бош калган каражаттын эсебинен өздүк салымга 100000 (жүз миң) сом бөлүп берүү жөнүндө айыл аймагынын жайыт комитетинини төрагасы Т.Ниязалиевдин маалыматтын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа- Булак айыл аймагынын жайыттарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана жолдорун тейлөө үчүн спец техника экскаватор-погрузчик алуу долбоорун колдо максатында айыл өкмөтүнүн бош калган каражатынын эсебинен 100000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн бош калган каражатынын эсебинен 100000 (жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүнү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жолдошбек уулуна тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Эсекеев