Редакцияот 21.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2016-жылдын 21-майы № 2-I

 Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө, ветеринардык клиникага жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 АРИС аркылуу «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү- I» долбоорунун алкагында «Бозала-Таш» участкасындагы эски купканын ордун кайрадан оңдоп ветеринардык клиника курулмасына 0,20 сотых жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Мойноковдун сунушун угуп жана эске алып Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бозала-Таш» участкасындагы эски купканын ордунан 0,20 сотых жер тилкеси ветеринардык клиника салууга бөлүнүп берилсин.

2. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Мойноковго тапшырылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,jumgal kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Мойноковдон суралсын.

 

Төрага

Сейдикалыкова Ж.