Редакцияот 19.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

 

2017-жылдын 19-майы №12

«Кыш-Абад айылына караштуу №1013-контурдагы 0,30 га кайрак жерди мүрзөнүн жер аянтына кошуп берүү жөнүндө»

Айылдык кеңештин депутаты Атабаев Эрмаматтын Кыш-Абад айылына караштуу №1013-контурдагы 0,30 га кайрак жерди мүрзөнүн жер аянтына кошуп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыш-Абад айылына караштуу №1013-контурдагы 0,30 га кайрак жер мүрзөнүн жер аянтына кошуп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)

 

Төрага

Беделов. А