Редакцияот 12.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышындагы III сессиясы

 

2017-жылдын 12-майы № 13

Пристань айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

Пристань айылынын тургундарынын Пристань айылына мечит куруу маселесин карап жана талкуулап Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин ХХVII–чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Пристань айылына мечит куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин

2. Айыл өкмөт башчысы Э.Аруновго токтом чыккан күндөн баштап 1- айлык мөөнөт менен жер тилкесин бөлүп, ошол жерге архитектуралык документтерин даярдап берүү жагы тапшырылсын

3. Бул токтомдун аткарылышы жер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Кадыркулов