Редакцияот 05.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын VI-сессиясы

 

2017-жылдын 05-июлу № 9/2

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2215 статьясына бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2215 статьясына бөлүнгөн 427 600 сом акча

каражатынан 131 682 сому айыл аймагынын төмөндөгү муктаждыктарына бөлүштүрүлсүн:

- Ү. Саалаевге соттун чечими менен 52 607 сом, 17/25 соц.фонко 9075 сом жалпы

 61 682 сом;

- Айыл аймагына сатылып алынган кызматтык автомашинанын жана айыл чарба

 техникаларынын укуктук документтерин бүткөрүүгө 20 000 сом;

Ак-Муз айылынын социалдык жактан жардамга муктаж, мүмүнчүлүгү чектелген тургуну Кубаталиев Майрамбектин операциясына 25 000 сом;

Ак-Муз айыл өкмөтүнө боз үй алууга 25 000 сом;

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Абдырахманов