Редакцияот 19.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Сай айылдык кеңешинин V -чакырылышынын 26 сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу № 4

Көк-Сай айылдык аймагынын Беккари чункурунун бүткөрүлбөгөн иши жөнүндө

1. Көк-Сай айылдык аймагынын Беккари чункурунун бүткөрүлбөгөндүгү үчүн Көк-Сай айылдык аймагынын башчысы Мамбетов К.Шга жергиликтүү кеңеш тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.

2. Көк-Сай айылдык аймагынын башчысы К.Мамбетовго Беккари чункурунун бүткөрүлбөгөн иши болсо бүткөрүп жана андан кийинки абалы тууралуу 2016-жылдын 15-сентябрында депутаттарга маалымат берилсин, болбосо сотко берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кок-Сай айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы С. Мамбеткуловго жүктөлсүн.

 

Төрайымы

Султаналиева Б