Редакцияот 01.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 07-октябры № 5

Долоно айыл аймагынын түрткү берүүчү гранттын эсебинен Орто-Арык айылындагы Ш.Нурбаев орто мектебинин спорт залынын полун, жылуулук системасын толук капиталдык ремонттон өткөрүү жана мектептин тегерегин курчоо жөнүндө карап, талкуулап чыгып Долоно айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Долоно айыл аймагынын түрткү берүүчү гранттын эсебинен Орто-Арык айылындагы Ш.Нурбаев орто мектебинин спорт залынын полу, жылуулук системасын толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп жана мектептин тегереги курчалсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жоробековго жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Аманбеков