Редакцияот 24.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги Vсессиясы

 

2017-жылдын 24-майы № 16

Айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын отрумунун чечимдерин кароо жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги V сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жылдын 17-майындагы отрумунун № 3-протоколунун чечиминдерин карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга кабыл алган бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

70911 Мектепке чейин билим берүү: 2222 – статьсынан 450,0 миң сом азайтылсын; 3112 – статьсына 450,0 миң сом кошулсун;  

70629 Дагы башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү: 2721 – статьясынан 472,0 миң сом азайтылсын; 2215 – статьясына 472,0 миң сом кошулсун; 2221 - статьясынан 266,0,0 миң сом азайтылсын;

70429 Айыл чарбасынын дагы башка кызматтары: 2111 - статьсына 110,0 миң сом; 2121 - статьсына 19,0 миңсом; 2211 - статьсына 20,0 миң сом; 2214 - статьсына 20,0 миң сом; 2215 – статьясына 40,0 миң сом жана 2221 статьясына 57,0 миң сом кошулсун. Бардыгы _ 266,0 миң сом.

2. Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын “Жайыт комитетине” эки штат бирдиги бекитилсин.

3. Кызыл-Кыштак айылындагы төрөт бөлүмүнүн ремонтуна:

70111 Аткаруу жана мыйзам чыгаруу: 2221 – статьясынан 180,0 миң сом азайтылсын;

70629 Дагы башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү: 2221 статьясына – 180,0 миң сом кошулсун.

4. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө (ФЭБге) тапшырылсын.

5. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Сатвалдиев