Редакцияот 17.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу II сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси

 

2017-жылдын 17-январы № 2/2

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларын түзүү жана алардын иш- пландарын бекитүү жөнүндө

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин I уюштуруу сессиясынын 06.01.2017-жылдагы

№ 1/2-токтому менен бекитилген Регламентинин 5-главасынын 5.1-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл Өкмөттүнүнжооптуу катчысы С.Осмоналиевдин айылдык Кеңештин алдындагы туруктууу комиссиялары жана алардын иш-планы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин алдында төмөндөгүдөгүдөйаталыштагы туруктуу комиссиялары түзүлсүн жана алардын курамы, иш-пландары бекитилсин:

1. Мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеёештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы:

-Карабаев Садык,

-Орозбаев Мамажан,

-Төрөгелдиева Бурул,

-Мырзалиев Эрмек.

2. Социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы:

-Намашамов Теёдик,

-Ажимаматов Улук,

-Осмоналиев Бейшен,

-Отүров Актилек,

Жолдошов Абдисамат.

3. Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика жана кайра иштетүүбоюнча туруктуу комиссиясы:

-Акыев Жыргал,

-Мамазайиров Данияр,

-Баатыров Улукман,

-Раимкулов Марс,

-Уёкулов Рашидбек.

4. Агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы:

-Сейдаматов Бердибай,

-Маметов Кулмат,

-Замирбек уулу Таштемир,

-Дыйканов Салмоорбек,

-Тоотаев Байымбет.

II. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Казматовго тапшырылсын.

 

Төрага

С.Карабаев