Редакцияот 20.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV1 сессиясы

 

2017-жылдын 20-июну № 46

Самаркандек айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С Аппазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлерин сарамжалдуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV1 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун Рават участкасындагы  248 га кайрак айдоо жеринин ижара мөөнөтү 2017-жылдан баштап 49 жылга узартылсын.

2. Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба,жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисине тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кенешинин  агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Пирматов