Редакцияот 20.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV1 сессиясы

 

2017-жылдын 20-июну № 51

Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылындагы Жаш-Тилек участкасындагы, Паскы-Арык айылындагы скважиналарды мамлекеттик менчике өткөрүү жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орозовдун билдируусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылындагы Жаш-Тилек участкасындагы, Паскы-Арык айылындагы скважиналардын менчик турун мамлекеттик менчике өткөрүүнү сунуштоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылындагы Жаш-Тилек участкасындагы, Паскы-Арык айылындагы скважиналардын электр энергиясын мамлекеттик бюджеттен төлөп берүү жагын сунуштоо Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана контролдоо жагы айылдык кенештин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Кошматовго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Пирматов