Редакцияот 30.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Арык айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын VI-кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 30-майы № 9/2

Жаны-Арык айыл аймагында «Кызарт Таң нуру» бала бакчасынын башчысынын кайрылуусун кароо жѳнүндѳ

1. Жаны-Арык айыл аймагындагы «Кызарт Таң нуру» бала бакчасынын башчысы Майрамбек кызы Айжандын кайрылуусу канааттандырылсын;

2. Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин бошогон үстүңкү №3 окуу корпусунун имараты толугу менен, кѳмүр кампасы жана имараттын айланасындагы жер участогу менен чогу «Кызарт Таң нуру» бала бакчасына ѳткѳрүлүп берилсин;

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго тапшырылсын.

 

Төрага

К.Саралаев