Редакцияот 27.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 53-сессиясы

 

2016 жылдын 27 июну №53/5

“Теремок” балдар бакчасынын имараты жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана шаардык мэриянын 2015-жылдын 21-октябрындагы 1023-номерде чыгышталган катын эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Теремок” балдар бакчасынын имаратына убактылуу жайгаштырылган Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы “Оор турмуш шарттагы жана зордук-зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана /й-бүлө тибиндеги “Кут кадам” балдар үйү мекемелери 2016-жылдын июль айында чыгарылсын.

 

2. Токтормдун аткарылышы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Бегалиев