Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка жол айылдык кеңешинин XVII сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 04-ноябры №18/2
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Мыйзамынын 12-1 ст жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жыл № 747- “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставын бекитүү жөнүндөгу” токтомуна ылайык түзүлгөн Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин.
2. Коомдук алдын алуу борборунун мучолору жана айылдык аймактык жергиликтуу жамааттары Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын жетекчиликке алышсын.
Торага | Абдырахманов Б. |
Кашка-Жол айылдык аймактык
кеңешинин 2016-жылдын 04-ноябрындагы
№ 18/2-токтому менен бекитилди
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы
1 Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары-КААБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары-ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде «Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн» коомдук алдын алуу борбору «коомдук бирикмеси»;
-расмий тилде: «Обшественное обьединение» «Обшественно-профилактический центр» Кашка-Жолского айыл окмоту
-Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
-мамлекеттик тилде «КААБ» КБ»
-расмий тилде: «ОО «ОПЦ»
3. КАБ өз ишин «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик тилде расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.