Редакцияот 06.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин V сессиясы ( VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 6-июну №5/2

 Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасын Уч-Коргон Жалпы үй-бүлөлүк даарыгерлер борборуна өткөрүп берүү жөнүндө

 

Уч-Коргон айыл өкмөтү, Баткен областындагы эң чоң айыл өкмөтү болуп, 32 745 миң эли, 7538 жакын кожолук жашайт. Айыл өкмөтүнүн аймагы 12 чоң айылдарга бөлүнгөн.

Айыл өкмөтүнүн 3 айылы Өзбекстан Республикасы менен чектешет.

Уч-Коргон жалпы үй-бүлөлүк даарыгерлер практикалоо борборунун калкты тейлөөдө аймактык тейлөөнун чоңойгондугуна байланыштуу атап айтканда Майдан, Чаувай айыл аймактарынын калкы да киргизилгендиктен улам элдин көйгөйлүү маселелерин ыкчам жайында барып чечүүдө Уч-Коргон ЖДПБнун кызматтык автомашинасынын жоктугунан кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы тууралуу маселени Уч-Коргон айылдык кеңеши угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн “ЛЕСЕТИ” маркасындагы күмүш түстөгү, кыймылдаткычтын № F1603785277 кузовдун № K KLANF 195 D7К550007 жеңил автомашинасы кызматтык номери 01 00 АА Уч-Коргон ЖДБна өткөрүлүп берилсин.

2.Ушул Токтомдун Аткарылышын Көзөмөлдөө Жагы Айылдык Кеңештин Экономика Жана Финансы Маселелери Боюнча Туруктуу Комиссиясына Жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Х.Джалалов