Редакцияот 11.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы ( VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 11-майы №4/1

 Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөүмүнүн башчысы А.Рахматуллаевдин билдирүүсүн угуп, 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Уч-Коргон айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Уч-Коргон айыл өкмөтунун ФЭБнун башчысы А.Рахматуллаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык каражатынан №1 тиркемеге ылайык кошумча бөлүнсүн. (Тиркеме №1 тиркелет)

3. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы А.Рахматуллаевге айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы сунушталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Х.Джалалов