Редакцияот 28.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы ( VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 28-августу №6-5

Шаңкол айылындагы калктуу конуштун ичиндеги Сулайманова Паиз тарабынан сатып алган жеке менчик жерине тамарка салууга уруксат берүү тууралуу

 

Шаңкол айылындагы калктуу конуштун ичиндеги Сулайманова Паиз тарабынан сатып алган жеке менчик жерине тамарка салууга уруксат берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Шаңкол айылынын тургуну Сулайманова Паиздин арызы канаттандырылсын.

2. Шаңкол айылындагы калктуу конуштун ичиндеги Сулайманова Паиз тарабынан сатып алган жеке менчик жерине тамарка салууга уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.

 

Төрага

Абдибает уулу М