Редакцияот 14.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 14-июлу №7/6

 Жаны-Арык айыл өкмөтүнө карштуу Учкун айылынын тургунунуТөрөев Сабырдын короосуна жер көчкү коркунучу пайда болгондугуна байланышту коопсуз жерден жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

 

Жаны-Арык айыл өкмөтүнө карштуу Учкун айылынын тургуну Төрөев Сабырдын короосуна жер көчкү коркунучу пайда болгондуктан МЧСтин 26.04.2010-жыл №97 кортундусу менен таанышып Жаны-Арык айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнө каршту Учкун айылынын тургуну Төрөев Сабырдын короосуна жер көчкү коркунучу пайда болгондуктан 0.08га жер участогу жер көчкү коркунучу болбогон № 62 контурунан берилсин.

2. Суралсын Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан тийиштүү документерди даярдап берүү жана каттоо жагы.

3. Ушул токтомдун аткаруу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Козубаевге, жүктөлсүн.

4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айылдык кенешинин Айыл ,суу чарба өндүрүштү көтөрүү ,кайра иштетүү ишканалар менен иш алып баруу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Ж.Осумбеков