Редакцияот 14.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 14-июлу №7/13

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн үнөмдөлгөн акча каражатын жумшоо жөнүндө

 

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджеттин сатып алуу мыйзамынын негизинде порталга жарыялангандан калган үнөмдөлгөн акча каражатын карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджеттин сатып алуу мыйзамынын негизинде порталга жарыялангандан калган үнөмдөлгөн акча каражатын керектелүүчү чыгымдарга жумшалсын.

2. 2017-жылга бекитилген бюджетин аткарууда Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага жыл ичинде бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Ж.Осумбеков