Редакцияот 06.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин XVIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2017-жылдын 6-июлу № 9/5

Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Большевик айылындагы GIZ уюму каржылап жаткан курулуучу ФАП ка тендердик комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

 

Большевик айылындагы курулуучу ФАПка тендердик комиссиянын курамын бекитүү максатында Баш - Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ

            1. Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Большевик айылындагы курулуучу ФАПка төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.

•         Комиссиянын төрагасы -Эшенов Адилет Олжобаевич «Элет айым» коомдук бирикмесинин өкүлү, долбоордун жетекчиси

Комиссиянын мүчөлөрү

•         Б.Байказаков-Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

•         К.Акунов - Большевик айылынын айыл башчысы

•         А.Бокоев - айылдык кеңештин төрагасы

•         Н.Мамбеталиева - ФАПтын башчысы

•         Б.Солтбаев - жумушчу топтун жетекчиси

•         З.Төлөмүшова- аялдар кеңешинин төрайымы

            2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.

            3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

 

А. Бокоев