Редакцияот 26.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын 6-кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 26-майы № 1

Кара-Суу айыл аймагында ОАО «Камкор» кыш заводуна топурак алууга уруксат берүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж. Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 6-кезексиз сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 5264 ТЕ Лицензиясынын негизинде ОАО “Камкор” кыш заводуна өндүрүшкө пайдалануу үчүн Ак-Сеңир участкасынан топо алууга уруксат берилсин.

       2. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К. Молдажиевага тапшырылсын.

       3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

 

Ж.Иманкулов