Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

 

2017-жылдын 23-майы № 2

Акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Гайыповдун Кашка-Суу айыл аймагынын жайыт комитетине колдоо көрсөтүү максатында АРИС ПРЖР-2 долбоору тарабынан берилүүчү акча каражатына жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Кашка-Суу айыл аймагынын жайыт комитетине колдоо көрсөтүү максатында АРИС ПРЖР-2 долбоору тарабынан берилүүчү акча каражатына жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 402 500 (төрт жүз эки миң беш жүз ) сом акча каражаты болүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышыны көзөмолгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Ы.Эрмаматов