Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  алтынчы сессиясы

 

2017-жылдын 23-майы №4

Айыл макамын берүү жөнүндө

 

Кашка – Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы Ы.Эрмаматовдун Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Жайылма калктуу конушуна «айыл» макамын берүү жөнүндөгү Жайылма калктуу конушунун 6-май 2017-жылдагы элдик жыйынынын № 15 чечимин бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кенешинин кезектеги алтынчы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Жайылма калктуу конушуна «айыл» макамын берүү жөнүндөгү Жайылма калктуу конушунун 6-май 2017-жылдагы элдик жыйынынын № 15 чечими бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай курулуш, коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Ы.Эрмаматов