Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  алтынчы сессиясы

 

2017-жылдын 23-майы №6

Жер аянтын берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кашка – Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировдун “Ала-Тоо Сүт-Юг” кооперативи тарабынан сүт кабыл алуучу пункт куруу (жеңил курулуш) үчүн Жайылма айылынан 0,10 га жер аянтын сурагандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кенешинин кезектеги алтынчы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ала-Тоо Сүт-Юг” кооперативине сүт кабыл алуучу пунк куруу (жеңил курулуш) үчүн Жайылма айылынан 0,10 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай курулуш, коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Ы. Эрмаматов