КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2017-жылдын 23-майы №12
Жайлоо комитетине шайлоо өткөрүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин депутаты А.Баатыркуловдун Жайыт комитетинин төрагасына жана мүчөлөрүнө шайлоо өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагалыгына жана мүчөлөрүнө шайлоо өткөрүлсүн (Жайыт комитетинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу).
2. Жайыт комитетинин башчысына жана мүчөлөрүнө шайлоону уюштуруп өткөрүүнү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ы.Эрмаматов |